"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Эгер каражат бөлүнсө, Ош шаарындагы аялдамада сынган айнек алмаштырылат

Ош шаарындагы аялдамада сынган айнекти алмаштыруу бөлүнө турган каражаттан көз каранды экенин Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмүнүн башчысы Нурбек Азимбеков SUPER.KG порталына кабарлады.

"Ош шаары боюнча түрк ыкмасы менен салынган 12 аялдама бар. Бул аялдама да ошол ыкма менен салынган. Айнектин сынышынын эки божомолу бар. Ар бир түркүктүн ортосунда өзгөчө катырылган айнектер жайгашкан. Ал айнекти кармап турган тирөөчтөрдүн алюминий менен жасалган элементтери да бар. Ошол элементтер айнекти кармай албай сынып, аны менен кошо айнектер да сынган учурларды каттап жатабыз. Кээде аялдамада турган адамдар атайылап сындырган учурлар да кездешип жатат. Андай учурларда биз акт түзүп, тиешелүү органдарга жөнөтөбүз.

Ал эми бул аялдамадагы айнек эмне себептен сынганы тууралуу изилдөө иштери жүрүп жатат. Адамдар тарабынан сындырылган болсо, сөзсүз чара көрүлөт. Айта кетчү нерсе, айнектер Түркияда жасалган, ден соолукка коркунуч жаратпайт, себеби бир аз титиресе эле майдаланып кетет. Эми бул айнек алмаштырылабы же жокпу, ал ушул жылга бөлүнө турган каражаттан көз каранды",- дейт Нурбек Азимбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Musabaeva
2016-01-22 15:37:29
Ушуга да каражат деп кутуп отурабы тобо.Качан акча болсо кылабыз деп журо беришет экенда.Мээр озунун чонтогунон эле ондоп койсо эч канча акча кетпейт, ал учун болбогон акчада.
+3
Rifle_2
2016-01-22 16:54:08
Musabaeva,азыр баардык мамлекеттик сатып алуулар тендер менен болуп калган.
Оштук активисттер чогулуп оңдоп койгула.


Урматтуу кыргыз элим , абайлап колдонгула. Бул шаардын көркү !!!
-2
aikokul14
2016-01-22 15:42:28
Бюджетти ушул айнекке акча жок болсо...
+3
Titi
2016-01-22 16:01:23
Аны озубуз адамдар сындырабыз. Жон отуп кеталбайбыз,айрыкча тундосу. Биринчи озубузду тарбиялаганды уйронолу.
+6
maku88
2016-01-22 16:26:01
государства койуп берет деп атат да булар да
+4
mirlanpiter
2016-01-22 18:43:04
Мисалы, Санкт Петербургда айнек мн тосулган аялдамаларды темир решёткаларга алмаштырышты, ушул ыкманы колдонсо болот
0
Moskva.kg
2016-01-23 01:32:47
Видео байкоочу(видеонаблюдение)орнотуш керек шаардын баардык жерлерине
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан