Бишкекте 75 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкек башкы архитектура мекемесинин жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
ИИМдин 5-Башкы башкармалыгына арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Бишкек башкы архитектура мекемесиндеги бөлүмдөрдүн биринин жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, жаңы конуштардын биринен жер тилкеге ээлик кылчу документтерди башкы планга киргизүүгө 1000 доллар талап кылып жатканын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кабинетинен 75 миң сом пара алып жаткан жеринен Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы архитектору А.О. кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.