"Өзгөндө асынып өлдү" делген Шайырбектин жакындары ага үстөмдүк болуп келгенин айтышты

Өзгөн районунун Шералы айылында 10-январда массалык мушташ катталып, андан 5 күн өткөндөн кийин окуя болгон жерден бойго жеткен жигиттин даракка асылган жансыз денеси табылганын кечээ Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирип, анын өлүмү массалык мушташка тиешелүү эместигин кошумчалаган.

Бүгүн, 22-январда маркумдун жакындары SUPER.KG'ге кайрылып, ага үстөмдүк болуп келгенин айтышты.

"Массалык мушташка маркум Шайырбек да катышкан. Мушташ Дөң-Булак айылынан 17 чакырым алыстыктагы Шералы айылында болгон. Аны баштаган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын ээсинин атасы Алмаз Жолдошов Портердеги балдарга карата арыз жазып, аларды каматып салган. Ал эми Шайырбек белгисиз себептер менен камалбай калган. Шайырбек камалган балдардын ата-энелери менен биргеликте чоң суммадагы акча чогултуп, камактагы досторун үй камагына чыгарган.

Балдар үй камагына чыккандан тарта Алмаз Жолдошов аларга үстөмдүк кылып, бир тууган таякеси подполковник Бердигул Караевге таянып "өлтүрүп коём" дегенге чейин барган. Анысы аз келгенсип Бишкекте спорт менен машыккан 4 инисин чакырып, Шайырбекти тынымсыз издетип турган. 14-январь күнү маркумдун Шаршен аттуу аяш атасына барып "аны кантип жазалашты ойлоп койдум" деп кеткен экен",- деди Шайырбектин жездеси Данияр Шабданов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ere
2016-01-22 15:08:20
Кантсе дагы Кыргызстанда адам олтуруу тоок олтургондой эле болуп калды окшойт. мурда олтуруп кетиптир деп укканда тобо чач тик турчу тангору. азыр олтуруп кетиптир десе канчоону каерде деп кунумдук жанылыктай кабыл алганыбыз окундурот. биз кайда баратабыз...
+12
JUROK
2016-01-22 16:07:38
Демек олтуруп,мушташ болгон жерге асып койгон болобу?....
+1
muras111211
2016-01-22 23:45:29
JUROK,
0
ilgizxan_2015
2016-01-22 16:56:46
Азыркы заманда танышын болсо болду болуп калды каалаган нерсесин кылат мыйзам акчасы бардыкы таанышы бардыкы
+6
Azamat19840108
2016-01-22 17:07:03
Жениш Ашырбаев сиз окуянын кандай болгонун туура билбейт экенсиз. Анан кантип кылмыш иш ачылат. Адам олуп жатат ал жерде.
+1
orhidea
2016-01-22 17:18:14
Массалык мушташка тиешеси жок деп кайра кайра жазасынар дагы,окуп келсен айдан ачык эле тиешеси бар болуп жатат го.
+1
magnat1013
2016-01-22 19:52:58
акча, акча, акча болуп калды баары эле, закон деген иштебейт вообще КРде,
+1
edelveis0088
2016-01-22 20:47:00
канткен кундо да жазасыз калышпайт адам баласы. Каррупциялык жогорку сот чечими менен акталык акча менен чыгып кетиши мункун бирок Аллахтын соту менен адилет ташы эч качан алдабайт...
+2
lady.girl7997
2016-01-23 03:19:33
Фамилясы жашын толук жазбайсынарбы
0
lady.girl7997
2016-01-23 03:20:21
Азыр москвада элем кудай сактасын менин группалашым бар эле жараткан ал болбосун
0
bibi87
2016-01-23 03:54:15
Камалбай калганына жини келип,мына сага деген го. Кудай баарыбызга ыйман бере кор!!!!
+1
Nasi1981
2016-01-23 09:10:33
Бул балада айып жок. Себеп ата энесинде. Балага туура тарбия бере албаган. Бала туура эмес иш кылганда баланы тыйып коюш керек,акчанын кучу менен баардык ишти жаап кое берсе акыр аягы ушундай болот. Бул тааба эмес тооба, атасынын туура эмес тарбиясы, баарын акча менен бутурсо болот деген кыска ойлуулугу, адамдарды тоготпостугу кырчындай баласын жок кылды.
-2
Azamat19840108
2016-01-23 12:33:50
Nasi1981, жакшылап окуп анан жазсан.
0
Nendi15
2016-01-23 16:11:53
Nasi1981, ата энеси жакшы тарбия бергендиги учун ,элпек боорукер болуп эч кимден жардамын аябаган бала болуп чонойгон .Кантип тарбиялаганын кандай Адам болгонун билбей туруп кантип жаздын бул билдирууну???
-1
Nasi1981
2016-01-23 21:00:07
Nendi15, мен айдай балага куйгонумдон айтып жатам. Мен бул баланын группалаш досунун эжеси болом. Мен баланы жамандаганым жок. Шайырбектин жайы жаннаттан болсун.
-1
ahiles
2016-01-23 20:47:31
Данияр Шабданов кимиси болот?

0
Nendi15
2016-01-24 08:23:46
ahiles,окусан жазылып туратго
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан