Кечээ, 21-январда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычы жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу 3-турда кыргыз футболчулары Казакстан жаштар курамасына каршы туруп, 2:2 эсебинде тең ойношту. Бул тең чыгууда эки команда эсептерине бирден упай жазышты. Жыйынтыгында 4 упайга ээ болгон Кыргыз Республикасынын командасы тайпадан чыгып, 3-орун үчүн ойноого мүмкүнчүлүк алды.
Беттеште кыргыз футболчулары негизги убакытка 3 мүнөт кошулганда гол киргизип, эсепти теңешти. Беттеш тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов төмөнкүлөрдү айтты:
"Атаандаш күчтүү экенин билгенбиз. Оюн кыйын болду. Казак футболчулары оноо калганына карабай алдыга умтулуп, гол киргизгенге жетишишти. Биздин оюн ойлогондой болгон жок. Биз топко ээлик кылууга аракет кылганыбыз менен, гол жаратууга мүмкүнчүлүктөрдү аз түзүп жаттык".