Борбор калаадагы Ак-Өргөө конушунда жол кырсыгы катталып, айдоочу ички органдарынан катуу жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 23:48 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ашар көчөсү менен түштүк багытта кетип бараткан. Арабаев көчөсүнүн кесилишинен ал туура эмес ылдамдыкты тандагандан улам Фольскваген-Жетта үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Натыйжада Фольскваген-Жетта унаасынын айдоочусунун ички органдары жабыркаган. Тиешелүү экспертизадан кийин жабырлануучу мас абалда экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.