Бүгүн, 22-январда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына күжүрмөн тууну тапшыруу салтанатына байланышкан азем болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Иш-чарага Башкы штабдын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары, Аскер институту менен Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары, ошондой эле Ооган согушу менен Баткен согушунун катышуучулары чакырылышты.
Анда өлкөнүн биринчи коргоо министри, генерал-полковник Мырзакан Субанов өзүнүн жана ардагерлердин атынан аскер кызматчыларын бүгүнкү салтанаттуу күнү менен куттуктап, "азыркы муундар, Ата Мекенди коргоочулар кыргыз элинин баатырдык салттарын татыктуу улантышууда" деп белгилеп өттү.