Футбол боюнча улуттук курам 30-августта Бишкекте Казакстан курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Эл аралык футбол федерациясынын расмий жолдоштук беттештеринин тизмесине кирди.
КРнын Футбол федерациясы 2016-жылы 10го чукул беттеш уюштурууну пландап жатат. Азырынча футболчуларыбыздын 3 гана атаандашы белгилүү болду. Март айында футболчуларыбыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун акыркы турунда Тажикстан курамасы менен конокто беттешет. Ошондой эле Филиппин курамасына каршы 6-сентябрда жана 9-ноябрда беттештер орун алмакчы.
Бул боордош эки кураманын ортосунда акыркы жолдоштук беттеш 2014-жылы сентябрь айында Астана шаарында орун алып, 7:1 эсебинде казак футболчулары жеңишке жетишкен.