Руслан Түмөнбаев өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотулду

"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. Бүгүн, 22-январда Октябрь райондук сотунун судьясы Аманбек Сариев бул ишти жабык режимде карап, айыпталуучуну сыртка чыкпоо талабы менен бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Руслан Түмөнбаевди өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен коё берүүнү өтүнгөн. Cудья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, айыпталуучу сот залынан коё берилди.

Эске салсак, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Р.Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан. Республикалык наркологиялык борбордон ал мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан.

Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Руслан Түмөнбаев мушташып кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
NooKeN_KG
2016-01-23 10:32:39
СИЗОго 1 ай тыгыш керек эле, жок дегенде.
+2
DUNI
2016-01-23 11:09:18
шоу кылып алыштыго бир жолу,мындай окуялар кунуно канча жолу кайталанат
.
0
saru
2016-01-23 11:14:41
Мыйзам баарына бирдей!Куноосу далилденсе жазасын алсын.Коомдо аты чыкса да,мыйзам астында бирдей
+1
jakikj
2016-01-23 11:22:53
Бийликке тонкоруш керек. Бир сот орусча суйло десе экинчиси ушунча берене менен кармалган адамды камабай уйуно кетирсе бул эмне деген шерменде. Кыргызстандын жаркын келечеги учун тонкоруш керек.
0
ufc123456
2016-01-23 13:35:24
Biras bawynardy iwtetip suilosonor jazat dese jaza berbei tumenbaev emne Aidan tuwup buz jerden chygyptyrbyzby myizam baardyk jaranga birdei
+1
Maksat81
2016-01-23 14:00:28
Эмнеси болсо да, эл көзүндөгү адам болгондон соң, ушундай нерселерден алыс болсо болмок. Киримтөбөлдөр менен жакшымын деп эле урбайт кыла бербей аброй дегенди ойлош керек болчу.
-1
esimdesin
2016-01-23 14:17:31
бири өлүп бири калсын! аны муну деген менен ар ким каалаганын кылат да
0
MAKALAK
2016-01-23 14:23:32
коло медаль эмес алтын медаль алгандар журушбойбу.Ага окшогон медалчандар толтура
0
AiBoru
2016-01-23 14:32:40
Сабашкан го, бети башы кан
0
medina.
2016-01-23 18:10:04
Кыргыз элинин сыймыктанган уулдары ушинтип арак ичип мас журушсо келечек ээлерине кандай таасир калтырат. Руслан, абийиринди кетирип уят эле.
-1
suymon
2016-01-23 20:00:50
суроо берген же болбосо жон гана талкууга кошулуп жазып жаткандар .мен билген руслан кыргыздын эр азаматы. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-01-25 15:10:47
suymon - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Damanurcha
2016-01-24 00:29:31
2016 жаны тема ачылыптыр да 2015 жабылып жазында эшек, жайында Омар, кузундо террорист, кышында государства толоп берет ушу мн 2015 жабылып. 2016 эсебинен Тумонбаев баштады окшойт
+2
Afina
2016-01-24 01:32:39
таба эмес тобо. Тумонбоевдин бул эле эмес эл уга элек кылыктары да бар.
+2
AiBoru
2016-01-24 10:39:56
Afina, кандай кылыктары?
+3
Саби
2016-01-24 12:06:47
Баардыгы мыйзам турундо болуш керек.Ооба башка киши болсо террорист, жардырайын дептир деп эчак ызы-чуу чыгарып бир ушундай жан кечтини кармадык деп жар салышмак
+2
Eliza761024
2016-01-25 00:31:19
Илгеркиии бир алжыган ,тушунуп тушунбой саясатты суйлогон ,чалдарга окшоп,узаткан сурооно озундон башка..жана сага окшогондор гана жооп берет болуш керек деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан