2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 4 миллиард 973,1 миллион сом бөлүндү.
Каржы министрлиги көрсөтүлгөн суммадан жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 722,2 миллион сом бөлгөн, анын ичинде "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 1 миллиард 617,2 миллион сом, "Ош ЖЖИ" муниципалдык ишканасына 105 миллион сом бөлүп берген.
Көрсөтүлгөн мезгилде бюджеттик ссудалардын жалпы көлөмү 1 миллиард 669,9 миллион сомду түздү.
Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 1 миллиард 106,6 миллион сом болду.
Республикалык бюджеттин көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн камдоого сарптаган жалпы чыгымдары 207,4 миллион сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн көмүр камдоого 176,2 миллион сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көмүр камдоого 31,2 миллион сом жумшалды.
Республиканын бийик тоолуу райондорунун калкына электр энергиясына компенсация төлөп берүүгө 120,3 миллион сом бөлүндү.