Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "Кумтөрдө" иштеген канадалык жаранды бычак менен коркутуп тоноп кеткен 15 жаштагы үч өспүрүм колго түшкөнүн ИИМдин маалымат кызматы 23-январда билдирди.
Маалым болгондой, 22-январда болжол менен саат 08:00де Балыкчы шаарында жайгашкан "Кумтөр" ишканасына тийиштүү "Балыкчы ашыруу базасы" мекемесинде иштеген, аталган шаарда убактылуу батирде турган Канада мамлекетинин жараны Ж.Д. милиция кызматына телефон аркылуу байланышып, үйүнө белгисиз адамдар терезе аркылуу кирип тоноп кетишкенин билдирген.
Жогорудагы маалымат боюнча окуя болгон жерге Балыкчы шаардык милициясынын жетекчилери жана тергөө-ыкчам тобу чыгып, төмөндөгүлөр аныкталган:
22-январда саат 03:00 чамасында үйдүн сырткы темир торчосун белгисиз бирөө талкалап, дубал аркылуу качып бараткан сөлөкөтүн көрүп, өзү иштеген ишкананын коопсуздук кызматкерлерине билдирип, алар менен үйдү чогуу карап чыгышкан. Бирок милицияга кайрылган эмес.
Ошол эле күнү саат 07:00 чамасында 17-25 жаштардагы балдар беттерин моюн орогуч менен байлап кирип, ашкана бычагын такап, акча талап кылышкан. Ал балдардан коркконунан 3500 сом акчаны бергенде, алар окуя болгон жерден качып кетишкен.
Арыз ээси өзү жашаган батирден баасы 600 доллар турган планшетин жана "Самсунг" үлгүсүндөгү телефонун алып кетишкенин арызында көрсөткөн. Болжол менен 54 000 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген.
Окуя болгон жерден 2 даана ашкана бычагы, 1-кабаттагы түндүк тарапта жайгашкан сынык пластик терезенин түбүнөн 3500 сом акча каражаты жана терезеден алынган 5 даана белгисиз адамдардын колдорунун манжасынын издери бар дактокарта алынган.
Окуя болгон жерден тиешелүү материал топтолуп, каракчылык фактысы менен Балыкчы ШИИБинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 15 жаштагы Д.Е., М.Д. жана Т.Ж. аттуу шаар тургундары кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары башталды.