Шериктештик Кубогу-2016: Машыктыруучу Мирлан Эшенов команданы таштап, кыргыз жерине кайтып келди

Бүгүн, 23-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталат. Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө кыргыз футболчулары Эстонияга каршы беттеш өткөрүшөт. Беттеште жеңип чыккан команда коло медаль тагынмакчы.

Чечүүчү беттеш алдында кураманын машыктыруучусу Мирлан Эшенов команданы таштап, кыргыз жерине кайтты. Ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай, анын оюнга чейин кайтканы үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу. КРнын Футбол федерациясы бул окуя боюнча расмий маалымат тарата элек.

Кошумчалай кетсек, "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн 8 команда катышууда. Финалда Орусия курамасы менен Молдова курамалары беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Patriot...kg
2016-01-23 21:24:12
Беларусь U21
1 - 0
(0 - 0)
Латвия U21
(0 - 0)

19:30 Серия
пенальти
Киргизия U21
0 - 0
Эстония U21
(0 - 0)
22:00
Молдова U21
-
Россия U21

ТаблицаНИДЕР
0
Mars55
2016-01-23 21:26:04
Patriot...kg,ар бир тепкенди айтып турчу
0
bektursun2010
2016-01-23 21:24:55
3-1
0
azabraza
2016-01-23 21:26:47
bektursun2010, ким 3
0
bektursun2010
2016-01-23 21:25:57
эмикиде женет бюрса.
0
aydarov...
2016-01-23 21:26:00
Ппс буттц Кр утулду
-1
NooKeN_KG
2016-01-23 21:26:01
Алдырып ийди 3-орунду.
-1
Patriot...kg
2016-01-23 21:26:18
Киргизия U21
0 - 1
(0 - 0)
Эстония U21
0
raum
2016-01-23 21:26:19
1-4 Кыргызстан жеңилди
-1
Patriot...kg
2016-01-23 21:31:07
Хаха
0
Grand
2016-01-23 21:32:18
11 метрди тебе алышпайт, уят! ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2016-01-25 15:18:01
Grand - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
azabraza
2016-01-23 21:35:30
команданы антип жамандавагыла бул спорт бирде утулат бирде утат
0
spb-jarygym
2016-01-23 21:36:36
жакшы ойношту
, бирок пенальтиден болбой калды...азаматтар!!!
0
ArgenMers
2016-01-23 21:36:55
Пенальтиден мен тепкенде вратарь дагы топ менен кирип кетмек
0
Inna_91
2016-01-24 04:14:30
Келсе келе берсин
0
kgalik
2016-01-24 10:37:08
оюн жакшы отту бирок жыйынтыгы жакшы болбогону окунуштуу
0
kgalik
2016-01-24 10:52:28
биздин оюнчулар ылдам чабулду билишишбейт экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан