Бүгүн, 23-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталат. Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө кыргыз футболчулары Эстонияга каршы беттеш өткөрүштү. Коло медаль үчүн болгон беттеште негизги убакытта 0:0 эсеби катталды. Оюндан кийинки пенальтилер сериясында 4:1 эсеби катталды (атаандаштардын пайдасына). Бул жеңилүү менен кыргыз футболчулары коло медалдан куру калышты.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш алдында кураманын машыктыруучусу Мирлан Эшенов команданы таштап, кыргыз жерине кайткан.