Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 4, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ноокен районуна караштуу Массы айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 234 чарчы метр чатыры, 100 боо жүгөрү бакалы, 200 боо пахтанын сабагы, 120 түк чөп толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.