“Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан ок атуучу куралды чек арадан өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-январь күнү аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунан кыргыз жеринен Казакстан аймагына өтүп бараткан унааны текшерүү учурунда анын ичинен Стражник МР-461 үлгүсүндөгү курал 2 огу менен табылган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Панфилов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.