Электр энергиясын туура колдонуу боюнча Нарындагы мектеп, ооруканалар текшерилүүдө

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы Нарын облусундагы мектеп, оорукана, ишканаларда электр энергиясын туура пайдалануу жана өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Өрт коопсуздугу эрежелеринин жана нормаларынын сакталышы, стандарттык эмес электр жабдыктарынын пайдаланылышына жол бербөө аракети жүрүп жатканын 23-январда мекемеден билдиришти. Облуста 96 мектеп, 79 бала бакча, 58 саламаттыкты сактоо мекемеси, 12 ишкана текшерилгени айтылды.

"Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы Искендеров атындагы орто мектепте жана Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы Байдөөлөтов атындагы орто мектепте эреже бузуулар аныкталды. Стандарттык эмес электр жабдыктары электр булагынан ажыратылды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан