Ош шаарынын Жалов көчөсүндөгү К.Лолоев аттуу жарандын 23-январда сарайы күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт чыккан сарайдан 1963-жылы туулган Сардалбек Досматовдун күйүп калган жансыз денеси табылганын билдирди. Каза болгон жаран Лолоевдин тууганы болгон. Учурда себеби такталууда.