Чүй облусунда тоноочулук фактыларына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-январда милицияга арыз менен 38 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз 3 жигит аны ур-токмокко алып, 18 миң сомун алып кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 27 жаштагы С.Р. аттуу жигит кармалды.
Люксембург айылынын 55 жаштагы тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал "Ош базарынан" белгисиз жаран ага күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул кылмышка шектүү катары 42 жаштагы М.Ж. аттуу адам кармалган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө жүрүүдө.