Москва районунда 2 уй уурдоого шектелип жергиликтүү тургундар кармалышты. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 25-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 43 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 21-январь күнү Садовое айылынан саат 16:00 чамасында белгисиз жарандар анын 2 уюн уурдап кетишкенин айткан. Учурда келтирилген чыгымдын суммасы аныкталууда.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ч.И. жана 34 жаштагы Ч.Н. аттуу жергиликтүү эки тургун кармалган. Учурда бул факт боюна иликтөө иштери жүрүүдө.