Чүйдө жер тилкесин сатып, бир жылдан соң кайра ээлик кылууга аракеттенген жаран кармалды

Чүй облусунун аймагында бир катар кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу 25-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына 1967-жылы туулган Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылган. Ал 2014-жылы Талантбек аттуу чала таанышынан Ала-Тоо-3 конушунан жер тилкесин сатып алганын билдирген. Бир жылдан соң сатканын мойнуна албай, жер тилкесине дагы эле ээлик кыларын айтып чыккан.

Факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 36 жаштагы Р.Талантбек тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2016-01-25 10:50:17
Аферист десе мындайды далай кылган болуш керек башка жагын да текшериш керек
0
Arlenchik
2016-01-25 17:25:42
Аферист экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан