23-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталды. Мелдешке быйыл 22 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн 8 курама катышты. Жыйынтыгында байгелүү орундарды Орусия, Молдова жана Эстония курамалары багынтышты. Кыргыз футболчулары коло медаль үчүн болгон беттеште Эстонияга пенальтилер сериясында утулуп калышты.
Орусиянын спорт министри Виталий Мутко мелдештин келечеги тууралуу өз оюн айтты. "Мен мелдеш кийинки жылдары кандай форматта өтө турганын айта албайм. Учурда биз мелдешти жоюп салууну же башкача форматта уюштурууну пландап жатабыз, себеби мелдеш кызыгын жоготуп койду. Башта мелдеш мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин курамаларынын катышуусунда өтчү. Учурда командалар азайып, мелдештин кызыгы кетип калды",- дейт Мутко.
Кошумчалай кетсек, бул биринчилик жыл сайын кыргыз футболчуларынын катышуусунда өтүп келген. Кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы дээрлик башка мелдештерге катышпайт. Андыктан бул турнир кыргыз футболчулары үчүн өз күчүн сынаганга мыкты мүмкүнчүлүк болуп келген.