21-январда Ош технологиялык университетинде окутуучу-профессор жана кызматкерлердин ортосундагы 15-спартакиада оюндары жыйынтыкталды. Окуу жайдан кабарлашкандай, ага жалпысынан спорттун 8 түрү боюнча 300гө жакын окутуучу катышты.
Жыйынтыгында командалык эсепте инженердик-курулуш факультетинин командасы биринчиликке чыгып, профсоюз уюмунун белектери берилди. Мындан тышкары мыкты оюнчуларга да грамота жана баалуу белектер тапшырылды. Байге фондуна токтолсок, жеңүүчүлөргө 10 миң сом ыйгарылса, 2-орун ээлери 5 миң сом, 3-орун ээлери 3 миң сом байге алышты.
Спартакиада кышкы эс алуу учурунда окутуучулар жана кызматкерлердин бири-бири менен достук мамилесин чыңдоо жана окуу жайдын кызматкерлеринин курама командасын түзүү максатында уюштурулган.