Футбол боюнча өлкөнүн 9 жолку чемпиону, акыркы сезондо ТОП-Лигада (өлкө чемпиондугу) 2-орунду багындырган "Дордой" футболдук клубу жаңы сезонго даярдыгын баштады. Даярдыктын алкагында "дордойчулар" "Ала-Тоо" клубуна каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
КРнын Футбол Лигасынан кабарлашкандай, беттеште "Дордойдун" курамынан Дэвид Тетте менен Азиз Сыдыков айырмаланышты. Ал эми "Ала-Тоонун" курамынан жалгыз голду Берис Тынаров өз эсебине жазды.
Кошумчалай кетсек, өлкөдө футболдук сезон март айында башталат. Марттын башында канттык "Абдыш-Ата" (Кубоктун жеңүүчүсү) менен Оштун "Алай" футболдук клубунун (өлкө чемпиону) ортосунда Суперкубок үчүн беттеш пландалган. ТОП-Лига марттын ондорунан кийин старт алат.