Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы Башкы прокуратура тарабынан текшерүүгө алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында Капиталдык курулуш башкармалыгы 2015-жылдын 25-мартында жолдордун жыртык-тешиктерин жамоого жана 15-июлда шаарды жарыктандырууга тендер жарыялап, аны жеке курулуш компаниясы утуп алган. Жыйынтыгында аталган компания мамлекеттик казынага 3 миллион сом зыян келтиргендиги тастыкталган.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.