Өткөн аптада Алматы шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча эл аралык мелдеште бишкектик Бегимай Рахманова өз курагындагылар арасында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке кыргыз өлкөсүнөн 7 бийчи жана Казакстан, Өзбекстандан катышуучулар барышкан. Анда Бегимай Рахманова алтын медаль, Зулумбек кызы Мадина күмүш медаль тагынды.
Бегимайды машыктырган Карина Ураимова: "2012-жылдан берки талыкпаган машыгуубуз жакшы жыйынтык берди. Дубай, Шымкент, Новосибирск, Санкт-Петербург шаарларында болдук. Буга чейин грамоталарды, коло медалдарды алып келген эле. Жаңы жылда муз үстүндө бийлөө боюнча кыргыз мектеби башка өлкөлөрдөн кем калбай тургандыгын көрсөтө алды",- деди.