Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулганынын 72 жылдыгын эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов ачты. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышуучуларды майрамы менен куттуктап, баарына тынчтык каалады. "Биз бүгүн Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулганынын 72 жылдыгын белгилеп жатабыз. Баарыңарды чын жүрөктөн куттуктайм! Мекени үчүн күрөшкөн аскерлерге даңк! Баарыңардын үйүңөрдө ар дайым тынчтык жана аманчылык болсун",- деди мэр. Андан соң Ленинград блокадасынын катышуучулар коомчулугунун өкүлү Анна Кутанова каза болгон аскерлерге арнаган ырын окуп бергенден кийин блокаданын созулган күнүнө барабар болгон 900 шам жагылып, каалоочулар эстеликке гүл коюшту.
Бүгүнкү күндө Бишкекте бул окуяга катышкан 18 адам жашайт. Аларга квартал сайын 1200 сом өлчөмдө стипендия берилет, коомдук унаада бекер жүрүү укугуна ээ болушкан, жыл сайын 9-майда 5 миң сом жана Ленинградга барганга каражат бөлүнөт.