2015-жылы өлкөнүн 7 облусунун ичинен эң көп спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.
Аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, көрсөткүч төмөнкүчө:
- Баткен облусунда 45 мелдеш (12си эл аралык деңгээлдеги мелдеш, 33ү облус жана райондук деңгээлде);
- Жалал-Абад облусунда 70 мелдеш (13ү эл аралык деңгээлдеги, 57си облустук жана райондук деңгээлдеги);
- Ош облусунда 72 мелдеш (15и эл аралык деңгээлдеги, 57си облустук жана райондук деңгээлдеги);
- Талас облусунда 68 мелдеш (7си эл аралык деңгээлдеги, 61и облустук жана райондук деңгээлдеги);
- Нарын облусунда 59 мелдеш (4ү эл аралык деңгээлдеги, 55и облустук жана райондук деңгээлдеги);
- Чүй облусунда 26 мелдеш (6сы эл аралык деңгээлдеги, 20сы облустук жана райондук деңгээлдеги);
- Ысык-Көл облусунда 91 мелдеш (20сы эл аралык деңгээлдеги, 71и облустук жана райондук деңгээлдеги).