2015-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 14 дене тарбия жана спорт биримдиктери (спорт түрлөрү боюнча федерациялар, ассоциациялар) каттоодон өткөрүлгөн. Бул тууралуу кечээ, 26-январда аталган агенттиктин 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Ошондой эле өткөн жылы спортчуларга 356 наам берилген. Алардын ичинен:
274 - "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" наамы;
39 - "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" наамы;
2 - "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери" наамы;
31 - "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамы;
10 - "Кыргыз Республикасынын Улуттук категориядагы калысы" наамы берилди.
Бул жылы жалпысынан 1307 машыктыруучунун документтери каралып, алардын 951и тиешелүү каттоодон өтүштү.