Ошто 26-январь күнү жылуулук менен камсыздоо боюнча республикалык семинар болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Экономика министринин орун басары Нурлан Садыков, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, өлкөнүн бардык облус, шаарларынын жетекчилери жана тиешелүү өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө пленардык жыйын өтүп, анда калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев тажрыйба алмашуу үчүн атайын алыстан келген меймандарга Ош шаарынын жылуулук берүү системи, социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.
Күндүн экинчи жарымында келген коноктор шаардагы бир нече модулдук отканалар менен таанышышып, Ошто керектөөчүлөргө берилип жаткан жылуулук энергиясын берүүнүн сапатын жана жаңы заманбап отканаларды куруу боюнча маалымат алышты. Жалпысынан Ош шаарына жаңы 47 от казан орнотулган. Бул көрсөткүч катышуучулардын кызыгуусун жаратып, жылуулук берүүнүн бул системи өлкөнүн башка аймактарына үлгү боло тургандыгын билдиришти.
Андан соң катышуучулар Ош шаарын кыдырып, калаадагы сейил бактарды, Навои көчөсүндөгү көпүрөнү көрүшүп, "Сулайман-Тоо" этнографиялык комплексинде болушту. Жыйынтыгында өлкөнүн жети дубанынан келген коноктор Ош шаары калкты жылуулук менен камсыз кылуу багытында гана эмес, бардык тармактар боюнча башка калаалардан бир топ алдыда экенине ынанышты.