Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Антон Землянухин карьерасын Таиландда улантат. Ал таиланддык "Сисакет" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчу клубдун курамында алгачкы машыгуусун өткөргөнгө жетишти. Сесакет аймагынан түзүлгөн клуб жаңы сезондо Таиланддын Премьер-Лигасында ойнойт. Өткөн сезондо клуб 18 команданын ичинен 13-орунду ээлеген.
Кошумчалай кетсек, Антон Землянухин буга чейин сербиялык "Раднички" клубунда ойноп келген.