Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштерин 2015-жылдын январь айынан тарта жүргүзүп келет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Аталган окутуу иштеринин алкагында мекемелерде, аймактарда 3 күндүк семинар-тренингдер өткөрүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттырып келишет.
Бул сапар 2016-жылдын алгачкы семинар-тренинги Окуу-маалымат борборунун демилгеси менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулду. Каракол шаарындагы борбордо окуган 94 катышуучуга тастыктамалар тапшырылды. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын катышуучулары ыраазычылыгын билдирип, дагы кошумча тереңдетип окууга куштар экендиктерин айтышты.
“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу 24 сааттык методикалык семинар-тренинг бул жылы дагы республиканын бардык аймактарында улантылмакчы.