Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын 2-бөлүмү менен биргеликте Чек ара көзөмөл бекеттеринен аткезчилик жол менен азык-түлүктөрдү ташууга каршы күрөшүү багытында атайын ыкчам топторду түзөт. Бүгүн бул багытта тараптардын эки жактуу сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов жана ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн жетекчиси Тариел Бегалиев катышты. "Учурда аткезчилик жол менен кирип жаткан азык-түлүктөрдү мүмкүн болушунча ооздуктоо заман талабы болуп турат. Бул багытта сиздер менен биргеликте атайын ыкчам топторду түзүп, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Чек ара көзөмөл бекеттериндеги көзөмөлдү күчөтүүнү колго алуу сунушун берип жатабыз. Биздин мындай бирдиктүү аракетибиз өз жемишин берет деген ишенимдемин",- деди Калысбек Жумаканов.
Өз учурунда ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн жетекчиси Тариел Бегалиев акыркы кездерде чек арадан өтүп жаткан контрабандалык азык-түлүк жүктөрүн көзөмөлгө алуу күчөтүлгөнүн жана бул багытта алдыда түзүлө турган ыкчам топтун иши коррупция менен күрөшүүдө өзгөчө натыйжа берерине ишенерин билдирди.