Чүй облусунун эки тургуну өз эрки менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырды

Чүй облусунда эки жаран өз эрки менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун 65 жаштагы тургуну “ВОЛТРАН Компакт” үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанчаны милиция кызматкерлерине тапшырган. Анын айтымында, куралды аталган аймактагы аялдамалардын биринен таап алган. Ошондой эле Чүй облусунун тургуну Калашников автоматынын 5,45 калибрлүү 6 огун , АСР-380 үлгүсүндөгү 7 ок, 3 үн берүүчү окту өз эрки менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз эрки менен тапшырбагандар жоопко тартыла турганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан