2015-жылдын ичинде республикадагы мектептерди китептер менен камсыздоо 75 пайыздан 78 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында министр Эльвира Сариева билдирди.
Анын айтымында, министрлик басмаканалар жана авторлор менен автордук укукту Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү боюнча келишимдердин 2 жана 3 тараптуу форматтары түзүлгөн. «Ар бир педагогдун ишин баалоо системин түзүү жана мугалимдин айлык акысынын структурасын реформалоо 2015-жылы министрликтин негизги багыттары болгон. 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга, башка мугалимдердики 50 пайызга, ал эми мектептердин жетекчилигинин айлыгы 20 пайызга көбөйтүлгөн. Буга бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүнгөн»,- деди Сариева.