Бүгүн, 28-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча федерацияларынын өкүлдөрүнүн, башкы машыктыруучулардын катышуусунда жыйын өтүп жатат. Анда улуттук курамалардын машыктыруучулары 2015-жылга сереп салып, Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу мелдештерге карата даярдыктары тууралуу айтып жатышат.
Эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов төмөнкүлөргө токтолду:
"Биз "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына 2 жолдомо алуу боюнча милдеттенме алганбыз. Бизде бардык 6 салмак категориясында жолдомо алууга мүмкүнчүлүк бар, бирок кайсы спортчу аларын так айта албайбыз. Баары килем үстүндө чечилет. Биз бардык спортчулар менен жеке, командалык түрдө иш алып баруудабыз. Болгону Айаал Лазарев (125 килограмм салмактагы балбан) жана Магомед Мусаев (97 кг) мелдештерге Орусияда даярданып жатат".