Ак-Бууранын жээгине мыйзамсыз салынган дүкөндүн ээсине эскертүү берилип, соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы Азимурат Жолдошов SUPER.KG порталына билдирди.
"Хикматулла Абдуллаев аттуу жаран өз алдынча жеңил конструкциядан дүкөн куруп жатканы маалым болуп, өз убагында эскертүүлөрдү берип, ишти Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп бердик. Буга чейин да бул жаран тарабынан көптөгөн мыйзамсыз аракеттер болуп, иштер сот отурумдарына өткөрүлүп берилген. Алар жактан да соттук териштирүүлөр болуп жатат. Мыйзамсыз же мыйзамдуу курулушпу, аны сот чечет",- дейт Азимурат Жолдошов.
Эскерте кетсек, бул дүкөн тууралуу маалыматты "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман жиберген.