Учурда футбол боюнча кышкы трансферлер кызуу жүрүп, айрым клубдар курамдарын жаңы футболчулар менен күчтөндүрүп жатышат. Лондондук "Челси" футболдук клубу курамына бразилиялык Алешандре Патону кошуп алды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчу клуб менен келишим түзгөн жок. Макулдашуунун жыйынтыгында Пато "Коринтианс" клубунан ижара иретинде алынып келинди.
Кошумчалай кетсек, 26 жаштагы футболчу Европада белгилүү. Ал мындан 10 жыл мурун "Миландын" курамына кошулуп, мыкты оюн көрсөткөн. Бирок карьерасын жолго салууга анын жаракаты себеп болуп, Бразилияга кайтууга мажбур болгон.