Аламүдүн районунун тургунунан диний-экстремисттик мүнөздөгү китептер табылды

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан диний-экстремисттик мүнөздөгү китептерди мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда сот жообуна тартылган Молдовановка айылынын 23 жаштагы А.Б. аттуу тургунунун үйүн тинтүү маалында экстремисттик мүнөздөгү китептер, баракчалар жана дисктер табылган. Учурда табылган китеп, дисктер тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан