Бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтмөк. Отурумга чакырылган күбөлөр келе албай калгандыгына байланыштуу отурум 29-январга жылдырылды.
Прокурор Асанаалы Иманбеков чакырылган күбөлөр шаардык мэриянын коллегиясында болуп, келе албай калышканын айтты. А.Келдибековдун жактоочусу да ал ооруп жатканын айтып, судья бул себептерге байланыштуу отурумду эртеңкиге жылдырды.
Эске салсак, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.