Бишкекте МАИчини унаасында сүйрөп кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте бүгүн айдоочу Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп барып, таштап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.

"Окуя бүгүн саат 15:50 чамасында Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Жол-кайгуул кызматкери БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун документтерин текшерүү максатында токтотууга белги берген. Бирок айдоочу аны сүзүп, кызматкерди капотунда сүйрөп барып, таштап кеткен. Учурда МАИчи ооруканада, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айдоочу изделип жатат",- деди А.Бекмурзаева.

Айта кетсек, интернетке айдоочу унаанын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.

МАИчини тоготпогон айдоочунун кылыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
AiBoru
2016-01-28 22:32:10
Жанында турган адамдар жардам беруунун ордуна кайра каткырышат да шылдындагансып.
+1
etaj_rus79
2016-01-28 22:53:34
Акылсыздык
+3
Gema
2016-01-28 23:05:24
))₽₽
0
Kroxa
2016-01-28 23:20:49
Уяяят ай бишкекте тем более чет элдерге шылдын болдук бет жок айдоочу тоону томкоруп салгансып....
+2
nur0077
2016-01-28 23:41:35
Бул BMW айдаган адамды Элдин баары тааныйт.Ал колунда бийлиги,чонтогундо акчасына толтура Адам.Азыр мыйзамды Уруп ойнобогон адамдар ушундай кыйын болуп калбадыбы.заманан менен куруп калгыр.
+1
murat90
2016-01-29 00:24:02
Suirop tawtabaiLe ketse bolmok gailerge owol kerek
-1
Moskva.kg
2016-01-29 02:09:33
Жакшы болот туура кылат эгер законду кучуно киргизбесе депутат министр президентти да ушундай кылышат
-1
Sema04
2016-01-29 03:17:56
Бир шишканын баласы же шишка озу..Элдер кулуп-жайнап журушот,цирк коргондой..
+2
madanov
2016-01-29 06:33:37
Ассолом Алейкум. Мени кечиресинер, бул жазганынынарды окуп капа болдум бир чети, бул МАИ кызматкери адам эмеспи ? Бул кызматкердин ордунда ар-бирибиз болуп калышыбыз мумкун болчу
+2
JUROK
2016-01-29 08:22:39
Кулуп видео тартпай жардам беришсе болмок.Маичилер акча алса,каттуу айдаганы учун,коопсуздук ременди такпаганы учун ж.б учун штраф салып акча алышат.Анан эмне кылышсын бешенесинен жыттап каттуураак айда дагы деп жиберип койсунбу?!!!Озубузду озубуз сыйлабасак,бизди ким сыйламак эле?!!!.Уят.
+1
JUROK
2016-01-29 08:24:13
Бул копкон барып (Кудай сактасын)бироонордун жакынынардын сузуп кетсе эмне болот?!!!
0
Uluk_Kalyev
2016-01-29 09:33:22
ХХХ ХХХ ошондо алар ойгонот
0
Inna_91
2016-01-29 10:01:17
Уяты жоктор
+1
admin_superstan
2016-01-29 11:01:26
Uluk_Kalyev,
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
0
timati1407
2016-02-12 02:55:02
ушул гаилерге арам акча менен семья багасынар ошол берген акчалар ичинерди тешип кетсин рак кылып аминь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан