Валентина Шевченко мартта 8 бурчтукта Бразилиянын өкүлү менен беттешет

Кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко эрежесиз эр уруштун UFC сериясында кезектеги беттешин өткөрөт. Ал 5-мартта АКШда өтө турган UFC 196 мелдешинин алкагында 8 бурчтукка чыкмакчы. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 62 килограмм салмактык бөлүктө анын атаандашы бразилиялык Аманда Нунез болот.

Эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерге катышкан спортчулардын рейтингин түзгөн Sherdog порталынын маалыматына ылайык, 62 килограмм салмактагы спортчу кыздардын катарында Нунез рейтинге 6-орунду ээлеп турат. Буга чейин ал жалпы эрежесиз эр уруш боюнча 11 ирет жеңишке жетишип, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми 12 беттеште жеңип чыгып, 1 ирет жеңилген Валентина Шевченко аталган рейтингде 7-орунда турат. Валентина UFC мелдешинин алкагында 1 гана жолу 8 бурчтукка чыгып, декабрда канадалык Сара Кауфманды утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patriot...kg
2016-01-29 13:08:20
Валентина алга! Делай
+3
baha1985
2016-01-29 13:37:08
Алга ийгилик Валентинага!!!!!!
+2
bom.bon
2016-01-29 16:39:57
Антонино Шевченко менен бир туугандар эмеспи?
0
elmurat.kg
2016-01-29 17:03:06
Алга валентина.СПОРТктрк дан UFC,MМА боюнча оюндар бертат.ушуну беребекен Админ?
0
Joze
2016-01-30 16:26:45
Ийгилик болсун Валентина
0
tanka
2016-02-02 17:44:26
Ийгилик Валентина. Алга Кыргызстан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан