"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына качкындардын курама командасы катышат

Качкындардын катарынан түзүлгөн курам быйыл Бразилияда өтө турган "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышат. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети чечим чыгарды. Аларды Жайкы Олимпиада оюндарына катыштыруу сунушун БУУга мүчө 193 мамлекеттен 180 өлкө колдоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, сабырдуулук, тилектештик жана тынчтык Олимпиада оюндарынын башкы принциптери катары эсептелинет. Эл аралык Олимпиада комитети ошол себептүү качкын спортчулардын ичинен мыктыларын карап, мелдешке чакырууну чечкен.

"Биз качкындарга колдоо көрсөтүп, үмүт бергибиз келет. Албетте, дүйнөдөгү 60 миллиондон ашык качкындардын тагдыры көпчүлүктү ойго салууга тийиш",- деп жазылат комитеттин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultanbek
2016-01-30 06:19:22
Биздин балбаныбыз алтын алып келсе экен тилеймин жана дуа кылам!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан