Бишкекте пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен М.Э. аттуу жаран кайрылган. Ал Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкери аталган райондук соттун чечимине терс таасирин тийгизбөө убадасы менен 5 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факт боюнча "акча талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында пара алып жаткан жеринен Октябрь районунун прокурорунун 31 жаштагы Р.Т. аттуу жардамчысы кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.