Бишкек шаарында Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринен терезеси караңгылатылган унаанын айдоочусу документтери жок болгону үчүн качып баратып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, BMW үлгүсүндөгү унааны 19 жаштагы айдоочу башкарып жүргөн. Жаманбаев көчөсүнөн кызматкерлер тарабынан аны токтотуу маалында ал качып кетүүгө аракеттенген. Текшерүү учурунда анын документтери жок болуп чыккан. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.