Алмазбек Касенов кайрадан Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору кызматына дайындалды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун башчысы Доорбай Миңбаев кызматынан кетти. Анын өз каалоосу менен жазылган арызы агенттик тарабынан канааттандырылып, анын ордуна бул кызматка Алмазбек Касенов дайындалды.

Аталган агенттиктен бүгүн, 29-январда кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров кол койду.

Кошумчалай кетсек, Алмазбек Касенов бул кызматты буга чейин аркалап келген. Бирок 1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийинки чырларга байланыштуу ал кызмат ордунан четтетилген. Доорбай Миңбаев директорлук кызматка 2014-жылдын 25-ноябрында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан