12-21-февраль аралыгында Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өспүрүмдөр арасында Кышкы Олимпиада оюндары өтөт. Анда 15 жаштан 18 жашка чейинки курактагы спортчулар 15 спорт түрү боюнча 70 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүшөт. Катыша турган спортчулардын саны 1100дү түзөт.
Аталган мелдешке мамлекетибиздин желеги астында Кундуз Абдыкадырова катышат. Спортчу SUPER.KG порталына кабарлагандай, ал аталган мелдешке биатлон жана лыжа жарыштан жолдомо алган. Олимпиада комитетинин чечими менен ал биатлон боюнча жарышка түшмөкчү.
"Лыжа спорту менен 5 жылдан бери олуттуу машыгып келем. Менин аракеттеримдин акыбети кайтып, өспүрүмдөр арасындагы Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алганыма кубанып турам. Мелдешке Казакстанда даярдык көрдүм",- дейт спортчу.
Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Кышкы Олимпиада оюндары быйыл 2-ирет өтүп жатат. Алгачкы жолу оюндар 2012-жылы Австриянын Инсбрук шаарында өтүп, анда Кыргыз Республикасынын атынан Зафар Шахмуратов катышкан. Тилекке каршы, анда спортчу байгеге илинбей калган.