Футбол боюнча өлкө чемпиону "Алай" клубу жаңы сезондо эл аралык мелдеште ойноо, кайрадан чемпион болуу максатын койду

Футбол боюнча өлкө чемпиону, Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу жаңы сезондо Азия футбол конфедерациясынын кубогунда тайпалык баскычка чыгуу, кайрадан чемпион болуу максатын койду. Бул тууралуу клубга шилтеме берүү менен КРнын Футболдук Лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, клуб аталган максаттарга жетүү үчүн курамына дарбазачы Валерий Кашубаны, коргоочу Айбек Азизбек уулун, жарым коргоочулар Турсунали Рустамов менен Вячеслав Куяновду (Казакстандын "Восток" командасынан келди) кошту. Ошондой эле клуб менен жарым коргоочу Нурбек Жолдошов, чабуулчу Владимир Верёвкин келишим түздү.

Кошумчалай кетсек, 9-февралда "Алай" Азия футбол конфедерациясынын кубогунда тайпалык баскычка жолдомо алуу үчүн Ливандын "Триполи" клубу менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kgalik
2016-02-01 11:39:36
ийгилик каалайбыз алга Алай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан