Сербиялык теннисчи Новак Жокович карьерасында 6-ирет Австралиянын Ачык биринчилигин утуп алды

31-январда Мельбурн шаарында Австралиянын теннис боюнча Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Чоң шлем түркүмүнө кирген бул мелдеште жекеликте кыз-келиндер арасында жеңишти германиялык теннисчи Анжелика Кербер камсыздаган. Ал эми мырзалар арасында финалдык беттеш британиялык Энди Маррей менен сербиялык Новак Жоковичтин ортосунда болду.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, беттеш 2 саат 56 мүнөткө созулуп, Новак 3 сетте тең жеңүүчү аталды (6:1, 7:5, 7:6).

Кошумчалай кетсек, муну менен Жокович карьерасында Австралиянын Ачык биринчилигин 5-ирет утуп отурат. Жалпы Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде 11 ирет жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан