Ысык-Көл облусунун "Жаңы муун" командасы волейбол боюнча өлкө чемпиондугунун 2-турунда лидерлик сапка көтөрүлдү. 2-тур оюндары 27-31-январь аралыгында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өттү.
КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, өлкөнүн учурдагы чемпиону жана алгачкы турда лидерлик сапка чыккан "Ош бажы" клубу бул жолу 3 ирет жеңилди. Бул команданын лидерлик саптан түшүп калуусуна алып келди. Лидерлердин упай жоготуусунан ысык-көлдүк "Жаңы муун" командасы пайда көрдү. Команда 5 беттештин төртүндө жеңишке жетишти.
Улуттук Лиганын 2-турунда катталган жыйынтыктар:
27-январь
"Ош бажы" - "Жети-Суу" - 1:3 (22-25; 26-24; 23-25; 21-25)
"Улуттук гвардия" - "Дархан ОшТУ" - 3:2 (19-25; 13-25; 25-22; 25-21; 15-10)
"Салам-Алик" - "Жаңы муун" - 2:3 (25-23; 20-25; 26-24; 21-25; 5-15)
28-январь
"Дархан ОшТУ" - "Жаңы муун" - 3:1 (25-23; 16-25; 25-21; 25-22)
"Улуттук гвардия" - "Ош бажы" - 1:3 (20-25; 22-25; 26-24; 27-29)
"Салам-Алик" - "Жети-Суу" - 3:2 (22-25; 25-17; 17-25; 25-20; 15-10)
29-январь
"Улуттук гвардия" - "Жети-Суу" - 2:3 (25-18; 24-26; 18-25; 25-17; 3-15)
"Жаңы муун" - "Ош бажы" - 3:1 (25-17; 17-25; 25-21; 25-19)
"Салам-Алик" - "Дархан ОшТУ" - 3:2 (26-24; 21-25; 26-24; 28-30; 15-13)
30-январь
"Дархан ОшТУ" - "Жети-Суу" - 3:2 (21-25; 17-25; 25-18; 25-19; 15-8)
"Салам-Алик" - "Ош бажы" - 3:1 (25-20; 25-18; 15-25; 25-23)
"Жаңы муун" - "Улуттук гвардия" - 3:1 (25-21; 22-25; 25-16; 25-18)
31-январь
"Ош бажы" - "Дархан ОшТУ" - 3:0 (25-20; 25-22; 25-19)
"Салам-Алик" - "Улуттук гвардия" - 1:3 (25-22; 19-25; 21-25; 18-25)
"Жети-Суу" - "Жаңы муун" - 1:3 (25-23; 19-25; 10-25; 23-25)
2-турдун мелдеш жадыбалы:
*
2 турдун жыйынтыгын кошкондон кийин мелдеш жадыбалында абал төмөнкүчө:
*
Өлкө чемпиондугунун 3-тур оюндары февраль айына белгиленген.