Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында 30-31-январда республикалык хоккей мелдеши орун алды. Мелдешке жалпысынан 8 команда катышып, жыйынтыгында Бишкек шаарынан келген "Темир-Жол" командасы жеңүүчү аталды. 2-орунду "Байзак" командасы ээлесе, 3-орунду "Жумгал-Шортон" командасы багындырды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Байгеге токтолсок, 1-орун ээсине 20 миң сом каралса, 2-орунга 15 миң сом, 3-орун ээсине 10 миң сомдон ыйгарылды. Ошондой эле байгелүү орунду алган командаларга дипломдор, медалдар ыйгарылды.
Командаларга токтолсок, жеңиш үчүн Ысык-Көл облусунан келген "Чолпон-Ата" командасы, Бишкек шаарынан келген "Темир-Жол", Кочкор районунан "Кочкор" жана Жумгалдагы Байзак, Куйручук, Шортон, Миң-Куш жана Кызыл-Жылдыз айылдарынан чогулган командалар ат салышышты.