Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Руслан Царев Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайты кабарлагандай, мелдеш 30-31-январь аралыгында өткөрүлгөн.
Анда жалпысынан 8 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз мамлекетинин атынан мелдешке 10 балбан катышкан. Жыйынтыгында кыргыз балбандарынын ичинен Руслан Царев ийгиликтүү болуп чыгып, 71 килограмм салмакта коло медаль тагынды.